Чолпон-Атадагы эл аралык конференция: Туруктуу келечек үчүн STEAM-билим берүү жана жашыл өнүгүү
30-июнь 2026, 11:50
Ысык-Көл өрөөнү
Чолпон-Атадагы эл аралык конференция: Туруктуу келечек үчүн STEAM-билим берүү жана жашыл өнүгүү.
Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата «Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жана жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн жашыл өнүгүү жана STEAM-билим берүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул масштабдуу иш-чараны И. Арабаев атындагы КМУ менен биргеликте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары, Аламүдүн жана Ысык-Көл райондору боюнча аймактык башкармалыктары уюштурушту.
Конференцияга Кыргызстан, Россия, Япония жана Өзбекстандан келген алдыңкы окумуштуулар менен эксперттер катышты. Катышуучулар негизги экологиялык чакырыктарды: циклик экономикага өтүү, калдык сактоочу жайлардын геоэкологиялык абалы, Ысык-Көлдүн деңгээлинин динамикасы жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулашты. Инновацияларды билим берүүгө киргизүүгө өзгөчө басым жасалды — бул физика сабактарында жасалма интеллектти колдонууну, болочок дарыгерлер менен химиктерде эко-ой жүгүртүүнү калыптандырууну, ошондой эле туруктуу туризм чөйрөсү үчүн кадрларды даярдоону камтыйт.
Иштин жыйынтыгы боюнча корутунду резолюция кабыл алынды. Жаратылыш ресурстары министрлиги заманбап STEAM-программалары менен экологиялык практиканын синергиясы (биргелешкен күчү) өлкөнүн туруктуу келечегин камсыз кылуу жана адистердин жаңы муунун тарбиялоо үчүн эң маанилүү кадам экенин белгилейт.