Эл аралык илимий-практикалык конференция «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана экологиялык көйгөйлөр: илимий кызматташтыктын 10 жылы»

Ысык-Көл өрөөнү
Эл аралык илимий-практикалык конференция  «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана экологиялык көйгөйлөр: илимий кызматташтыктын 10 жылы»

Ысык-Көл облусунда «Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана экологиялык көйгөйлөр: илимий кызматташтыктын 10 жылы» деген темада Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.


Иш-чараны Борбордук Азиянын айлана-чөйрө экологиясы боюнча илимий-изилдөө борбору уюштурган. Ал аймакта туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ийгиликтүү илимий жана практикалык кызматташтыктын 10 жылдыгына арналган.


Конференция экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоо, илимий тажрыйба алмашуу жана эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн аянтча болуп берди. Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринен жана дүйнөнүн башка аймактарынан келген окумуштуулар, эксперттер, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана экологиялык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле жаш изилдөөчүлөр катышты.


Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биринчи орун басары К.Касейинов Кыргызстандын жаратылыш байлыктары жана уникалдуу экосистемасы тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:


«Тоолуу экосистемалар экологиялык тең салмактуулукту сактоодо өтө маанилүү ролду ойнойт. Алар таза суу менен камсыз кылат, климаттык туруктуулукту камсыздайт жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар үчүн жашоо чөйрөсү болуп саналат.

Кыргызстан — Борбордук Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкө — бай жаратылыш мурасына ээ. Анын Теңир-Тоосу жана Памири — таза суунун булагы, биотүрдүүлүктү сактоочу зоналар жана экотуризм үчүн өзгөчө багыттар болуп саналат. Өлкөнүн жаратылыш ресурстары таза суу агымдарын, уникалдуу флора менен фаунаны (ак илбирс, аркар сыяктуу) жана чоң туристтик потенциалды камтыйт».


Конференциянын негизги багыттары төмөнкүлөр болду:


Туруктуу өнүгүү жаатындагы 10 жылдык илимий кызматташтыктын жыйынтыктары;


Замандын экологиялык чакырыктары: климаттын өзгөрүшү, чөлгө айланыш, аба жана суу ресурстарынын булганышы, биотүрдүүлүктүн жоголушу;


Экологиялык билим берүү жана маалымдоо боюнча заманбап ыкмалар;


Регионалдык туруктуу жаратылышты пайдалануу стратегияларын өнүктүрүү;


Илим, билим берүү жана инновацияларды айлана-чөйрөнү коргоо тармагына интеграциялоо.