"Биоартүрдүүлүктүн эл аралык күнү" -"пландын бир бөлүгү бол" маалыматтык-агартуу иш-чарасы өттү

Чүй өрөөнү
"Биоартүрдүүлүктүн эл аралык күнү" -"пландын бир бөлүгү бол" маалыматтык-агартуу иш-чарасы өттү

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жалпы аянты 1 476,1 миң гектарды түзөт.Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлиги "биоартүрдүүлүктүн эл аралык күнүн" белгиледи.

Министрдин орун басары М.Аманкулов, ӨКЖА департаментинин кызматкерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары, илимдер академиясынын өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер "пландын бир бөлүгү бол" аталышындагы маалыматтык-агартуу иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жана сактоо боюнча баяндамалар, презентациялар, талкуулар жана пикир алмашуулар болду. "Өзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын" тармагын кеңейтүү планы" презентацияланды.

ӨКЖАны алга жылдыруудагы жана өнүктүрүүдөгү негизги жетишкендик - узундугу 64 105га болгон Чаткал экологиялык коридорунун ачылышы. коридорду түзүүнүн башкы максаты - жапайы жаныбарлардын эркин миграциясы. Белгилей кетсек, "тынч" зонанын кабак буфери да түзүлгөн

жалпы аянты 25,971 га.

Кыргызстан боюнча учурда 12 жаратылыш коругу, 13 мамлекеттик жаратылыш паркы, ошондой эле 64 мамлекеттик заказник ошондой эле Кыргызстан 13 жаратылышты коргоо Конвенциясынын катышуучусу болуп саналат.

Айлана-чөйрөгө өзгөчө суктануу жана камкордук менен мамиле жасап, эколгиялык туризмге шарт түзгөн эко автивисттердин жана ыктыярчылардын ишинин маанилүүлүгү, браконьерликке, жаратылыш катоклизимдерине каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн уникалдуу жаратылыш аймактарын коргоодо жана сактоодо мамлекеттик орган тарабынан активдүү жардам берүү өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле "эл аралык биоартүрдүүлүк күнүн"өткөрүүнүн алкагында. "Эко МиР" коомдук фондунун жетекчиси Влад Ушаковдун фотокөргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чара Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого жана өнүктүрүүгө салым кошкон активисттерди жана студенттерди сыйлоо менен аяктады. Алар жаратылыш министрлигинин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин ыраазычылык каттарын жана дипломдорун алышты.

23-майда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, кыргыз эл аралык университетинин жана Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин студенттери Чоң Чүй каналына келип, ишембилик өткөрүшөт.

Маалымдама;

Экологиялык коридор-жандуу жаратылыш объекттеринин табигый миграциясын (таралышын) жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өз ара байланыштыруучу жерлердин жана суу объекттеринин корголуучу участоктору катары көрсөтүлгөн экологиялык тармактын бөлүгү.

Жапайы жаныбарлардын жашоосу жана көбөйүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында алардын чек араларын сүрөттөө, аймактарды (акваторияларды) экспликациялоо жана  тынч аянттарды көрсөтүү.