Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү

Чүй өрөөнү
Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү

16-сентябрь, дүйнө жүзүндө Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бул күндүн негизги максаты – Жерди ультракызгылт нурлардан сактап турган озон катмарынын маанисине көңүл буруу жана аны коргоо боюнча глобалдык аракеттерди күчөтүү.

Озон катмары – биздин планетанын «калканы». Анын туруктуулугу жана сакталышы адамдардын ден соолугуна, биосферанын коопсуздугуна жана келечек муундардын жыргалчылыгына түздөн-түз байланыштуу.

Ушул маанилүү датага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Таза аба» бир айлыгын жарыялаган. Анын алкагында өлкө боюнча экологиялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бир айлыктын максаты – абанын сапатына коомчулуктун көңүлүн буруу жана жарандарды озон катмарын жана айлана-чөйрөнү коргоого активдүү катышууга чакыруу.

Министрлик белгилегендей, абанын тазалыгын сактоо жана озон катмарынын туруктуулугун камсыз кылуу ар бир жаран үчүн чоң жоопкерчилик болуп саналат. Тазалыкка арналган күнүмдүк кадамдардын өзү – биздин келечегибиз үчүн баалуу салым.

💚 Таза аба – таза келечек!