Канаттууларды коргоо — келечекке кам көрүү: Ысык-Көлдө экологиялык акциялар өттү

Чүй өрөөнү
Канаттууларды коргоо — келечекке кам көрүү: Ысык-Көлдө экологиялык акциялар өттү
Эл аралык канаттуулар күнүнө карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондук түзүмдөрү канаттууларды коргоого багытталган бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүштү.
Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун инспекторлору «НАБУ Кыргызстан» уюму менен биргеликте Жети-Өгүз районундагы Чырак орто мектебинде экологиялык агартуу сабагын уюштурушту. Анда окуучуларга канаттуулардын биологиялык ар түрдүүлүктөгү мааниси жана аларды сактоонун жолдору боюнча терең маалыматтар берилди. Ошол эле учурда, «Хан-Тенири» мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери практикалык колдоо катары өз колдору менен жыгач уяларды жасап, канаттуулардын коопсуз көбөйүшү үчүн парктын аймагындагы ылайыктуу жерлерге орнотушту.
Бул демилгелердин башкы максаты — өсүп келе жаткан муундун экологиялык маданиятын жогорулатуу жана жапайы жаратылышка аяр мамиле жасоону жайылтуу болуп саналат. Министрлик канаттуулардын популяциясын сактоо багытындагы мындай агартуу жана практикалык иштерди мындан ары да туруктуу негизде уланта бермекчи.
Жаратылышты бирге коргойлу!