Эл аралык канаттулар күнүн бардык мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктары белгиледи

Чүй өрөөнү
Эл аралык канаттулар күнүн бардык мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктары  белгиледи

Жаратылыш ресурстары министрлигинин курамындагы жаратылыш парктар жана коруктар 1-апрелде белгиленчү эл аралык канаттуулар күнүнɵ карата бир катар иш-чараларды ɵткɵрүштү.

"Салкын Тѳр" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан Дѳбѳлү, Алыш, Кенеш айылдарынын орто мектептерине жана бала бакчаларына 1-апрель " Эл аралык канаттуулар күнүнѳ карата" атайын канаттуулар, жаныбарлар жана  ѳсүмдүктѳр жѳнүндѳ энциклопедиялар таратылды. Канаттуулар боюнча кызыктуу фактылар айтылып берилди жана жалпы жаратылышка аяр мамиле кылуу багыты боюнча агартуу иштери ɵткɵрүлдү.

Ошондой эле, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын актовый залында  «Илбирс» фондунун ѳкүлдѳрү парктын баардык егерлик кызматкелери менен биргеликте  SMART программасы кышкы санак, фотокапкан орнотуу боюнча отчеттук чоң  форматта семинар ѳтүлдү.