"Мерген Фест" этникалык аңчылык жана улуттук оюндардын эл аралык фестивалы болуп өттү

Чүй өрөөнү
"Мерген Фест" этникалык аңчылык жана улуттук оюндардын эл аралык фестивалы болуп өттү

Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлдөрү “Мерген Фест” этникалык аңчылык жана улуттук оюндардын эл аралык фестивалына катышты

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Чүй районунун Советское айылында өткөрүлдү. 

Иш-чара салттуу спортту жана маданиятты сүйүүчүлөр үчүн уникалдуу болуп калды.

Бул иш-чара Кыргызстандын ар кайсы өлкөлөрүнөн жана аймактарынан келген катышуучуларды чогултуп, этникалык мергенчилик өнөрүн көрсөтүүгө, улуттук оюндар боюнча мелдештерге катышууга жана маданий тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү Жаратылыш ресурстар министрлигинин медалдары, дипломдору жана кубоктору менен сыйланышты