Атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жаңыланган курамда ишин баштады
30-апрель 2025, 11:27

2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сегиз депутаты кирген жаңыланган курамдын катышуусунда атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев комиссиянын экологиялык күн тартибин алга жылдыруудагы ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, анын мүчөлөрүнүн салымын белгиледи. Алардын сиңирген эмгеги бааланып, бир катар катышуучулар ведомстволук сыйлыктар – "кызматташтык үчүн" медалдары тапшырылды.
Жыйындын алкагында негизги маселелер каралды:
- 2026-2027-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча чаралар; - Бишкек ЖЭБиндеги күл чыгаруу жана морлорду тазалоо системасын реконструкциялоо долбоору;
-комиссиянын көчмө жыйындарын Ош жана Жалал-Абад шаарларында уюштуруу боюнча пландар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу гидрометеорология кызматы атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн учурдагы абалы жөнүндө баяндама жасады. Учурда Кыргызстанда 14 станция иштеп жатат, анын 7си Бишкекте, калгандары Чолпон — Атада, Кара-Балтада, Токмокто жана Ошто жайгашкан.
Комиссиянын төрагасынын орун басары Талант Байгазиев Циньдао университети (КНР) менен экологиялык мониторинг жана туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу тууралуу билдирди.
Депутат Дастан Бекешев мониторинг станцияларынын ишинин натыйжалуулугуна токтолуп, Бишкектеги абанын сапатын баалоо үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыгуу демилгесин көтөрдү. Ош жана Жалал-Абад шаарларынын муниципалитеттеринин өкүлдөрү жер-жерлердеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар менен бөлүшүштү.
Отурумду жыйынтыктап жатып, комиссиянын төрагасы М.Машиев июнь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында боло турган көчмө отурум тууралуу маалымат берди.