Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары Амантур Турсуниязов менен Өзбекстан Республикасынын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсуповдун жолугушуусу болуп өттү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министрдин орун басары Амантур Турсуниязов менен Өзбекстан Республикасынын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсуповдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.