Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинде министрдин орун басары К. Касейинов аңчылыкты пайдалануучулар менен жолугушту
21-сентябрь 2023, 16:34
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинде министрдин орун басары К.Касейинов аңчылыкты пайдалануучулар менен жолугушту, жолугушууда аңчылык пайдалануучулар менен пикир алмашып жана ошондой эле министрлик тарабынан ишкерликти колдоого жүргүзүлүп жаткан саясаты менен тааныштыруу аларды жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен эле чектелбестен айлана чөйрөгө аяр мамиле жасап колдон келишинче жана мүмкүнчүлүктүн барынча салым кошууга үндөдү.
Министрдин орун басары ɵз сɵзүндɵ бул тармактагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана сиздер, аңчылыкты пайдалануучулар менен биргеликте аңчылык жаатына тиешелүү бир кыйла кеңири чөйрөдөгү маселелерди, келишимдик милдеттенмелерди аткарууну талкуулоо уюштурулуп жаткандыгын жана бардык кызыктар тараптардын бирге иш алып баруусу өтө маанилүү экенин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрликтин кызматкерлери тарабынан 2022-жылда аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилип аңчылык пайдалануучулар тарабынын бюджетке канча акча каражаты түшүрүлгөн, мамлекетибизге канча чет элдик мергенчилер келгендиги тууралуу маалымат жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” жана “Аңчылык , мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык 2023-жылы Жапайы жаныбарлардын мамлекеттик сынагы жүргүзүлө тургандыгы тууралуу айтылып аталган иш чарага активдүү катышууга чакырды.
Белгилей кетсек 2022-жылдын акыркы маалыматтары боюнча мамлекетибиздин аймагында Аркар/Кулжанын саны 18 092, Тоо текеси 53 685, Элик 5 446, Каман 4 663тү Түзөт. Кыргызстанда жалпы аңчылык чарбаларынын саны 55ти түзөт.
Бул тармактын башкы багыттарынын бири деп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин сактоо, коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу , түшүндүрүү иштери боюнча аңчылыкты пайдалануучулар жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта иштеши керек экендиги баса белгиленди.