Жаратылыш министрлиги, экологиялык билим берүүнү активдештирүүдө

Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлиги, экологиялык билим берүүнү активдештирүүдө

2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарындагы №5 чи Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен мектеп окуучулары үчүн экологиялык билим берүү иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында министрликтин Биоресурстар бөлүмүнүн жана Калдыктарды бөлүп чыгаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан окуучуларга маалыматтык-агартуу сабактары өткөрүлдү.

Министрликтин борбордук аппаратынын Биоресурстар бөлүмүнүн адиси А. Рысбекова Кызыл китепке кирген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрү тууралуу кеңири баяндама жасап, окуучулардын кызыктуу суроолоруна жооп берди. Бул маалымат окуучулардын жаратылышка болгон кызыгуусун арттырып, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун маанисин түшүнүүгө көмөктөштү.

Ал эми Калдыктарды бөлүп чыгаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н. Акматов таштандыны туура сорттоо, бөлүп чогултуу жана айлана-чөйрөнү коргоонун мааниси тууралуу айтып, экологияны сактоо — ар бир жарандын, өзгөчө жаш муундардын колунда экенин белгилеп өттү.

Бул иш-чаранын максаты — өсүп келе жаткан жаш муундар арасында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу жана жаратылышты сактоого болгон жоопкерчиликти арттыруу.

Министрлик мындай билим берүү иш-чараларын мындан ары да уланта бермекчи.