Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ

Баткен өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактардагы маалыматтык кампанияны улантууда.   Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү менен, Баткен шаарындагы жана Баткен району боюнча, экологиялык маселелер боюнча  Баткен,   шаарындагы булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу жана аймактагы таштанды жайларынын абалдары менен таанышуу боюнча  иштери башталды. 

Атмосфералык абаны коргоо боюнча Баткен шаарындагы социалдык мекемелерде абанын булгануусун алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.   Ошондой эле, Баткен шаарындагы жана районундагы таштанды жайларынын абалы менен таанышуу иштери жүргүзүлдү. 

Иш-чаранын алкагында таштандылардын баш-аламан жайгашышы, аймактын курчалбагындыгы, айлана-чѳйрѳнү коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталбагындыгы аныкталды.  Ал маселе жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан эске алынып, маселени жакынкы аралыкта чечүүгѳ убада беришти. 

Иш-чаранын алкагында, Баткен шаарынын №3 А.Имаров-Кызыл Топу атындагы мектептин жана Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун отказандары кароого алынды. Кароодо аталган объектилерде күз-кыш жылытуу мезгилинде 1-1,5 тонна көмүр суткасына жагылып, отказандардын чаң-газ тазалоочу орнотмолору (ЧГТО), жок иштегендиги аныкталды. Жеринде Министрликтин адистери буга чейин эскертүү кагаздары берилгендиги айтылып, келе жаткан жылытуу мезгилине карата ЧГТОду орнотуу тапшырылды. 

Маалымат ирээтинде Баткен шаарында ишмердүүлүгү абага булгоочу заттарды чыгарууга байланышкан 69 чарба субъектиси катталган. Таштанды жайлардын саны болжол менен 55.

Аталган иш-чара республиканын бардык аймактарында жүргүзүлѳт.