Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ

Баткен өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактардагы маалыматтык кампаниянын үчүнчү күнү   Баткен обласунун Кадамжай шаарында уланды.

Атмосфералык абаны коргоо боюнча Кадамжай   шаарындагы социалдык мекемелерде абанын булгануусун алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Ошондой эле, Кадамжай шаарына  караштуу  таштанды жайынын абалы менен таанышуу иштери жүргүзүлдү. 

Аталган таштанды жайына жалпысынан 14 000 миң калктын таштандылары келишимдин негизинде төгүлөт. Ар-бир абонент бир айга 25 сом төлөйт. Керектелүүчү талаптардан: таштанды жайынын жер участогу трансформацияланган, тосмолору бар, кароолчу тарабынан кайтарылбайт. Эскертүү белгилер коюлган эмес, министрликтин адистери тарабынан ооз эки эскертүү берилип кыска убактын аралыгында   кароолчу коюлуп, бекккари чуңкуру дизинфекцияланып, айтылган кемчиликтер жоюуларын жергиликтүү “Тазалык”   кызматынын орун басары белгиледи. Эскерте кетсек ушул жылдын январь айында пландуу текшерүү учурунда “Тазалык” кызматына 28 000 сом айып пул салынган.


Ошондой эле, Кадамжай районунунун жалпы дарыгердик практика борборунун от казаны кароого алынды. Кароодо отказандын чаң-газ тазалоочу орнотмолорунун (м.а. – ЧГТО), жоктугу аныкталды. Жеринде мекемелер жетекчилигине КР Атмосфералык абаны коргоо мыйзамдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлдү, ЧГТОдун маанилүү экендиги белгиленип, бардык суроолорго жооптор берилди.


Маалымат ирээтинде Кадамжай районунда ишмердүүлүгү абага булгоочу заттарды чыгарууга байланышкан 241 чарба субъектиси катталган. От казандардын жалпы саны 137. Дээрлик көпчүлүгүндө ЧГТО орнотулган эмес. Бул боюнча Министрлик тарабынан тынымсыз Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарган ишканаларга, булгоочу заттарды чыгаруунун азайтуу боюнча иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары менен удаа эскертүү каттары берилүүдө.


Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин региондордо атмосфералык абанын булгануусун алдын-алуу, болтурбоо тапшырмасынын алкагында жүргүзүлүп жатат.