Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ

Баткен өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандар менен иштерди активдештирүүдɵ

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактардагы маалыматтык кампания   Баткен обласунун  Раззаков  шаарларында   уланды.  


Атмосфералык абаны коргоо боюнча Раззаков   шаарындагы социалдык мекемелерде абанын булгануусун алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Ошондой эле, Раззаков шаарына  караштуу таштанды жайларынын абалы менен таанышуу иштери жүргүзүлдү. 


Аталган таштанды жайына жалпысынан 8000 миң калктын таштандылары келишимдин негизинде төгүлөт, учурда болжол менен 5000ден ашуун келишим түзүлгөн. Ар-бир абонент бир айга 25,76 сом төлөйт. Эскерте кетсек үстүбүздөгү жылдын январь айындагы Раззаков мэриясынын экологиялык жана техникалык абалын пландуу текшерүү учурунда Калдыктарды жайгаштыруу жайынын пайдалануу эрежери бузулган. Тосмолоору  толук тосулбагандыгы жана калдыктар тегерек четти булгангандыгы үчүн 23 000 сом айып пул салынган.


Жогорудагы кемчиликтер жоюлуп, азыркы учурда керектелүүчү талаптардан: таштанды жайынын жер участогу трансформацияланган, тосмолору бар, кароолчу тарабынан кайтарылат, жалпы аянты 3га түзөт, экологиялык паспортту мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алган. Аталган таштанды жайы 2018-жылдан тартып иш алып барат, күнүнɵ болжол менен 5 жолу таштандылар ташылат. Ушул жылдын жай айларында АРИС менен биргеликте таштанды жайынын шарттарын мындан дагы жакшыртууга каралган долбоор ишке аша баштайт. Долбоор алкагында таштанды жайына тараза коюлуп, тосмолору бийиктетилип, санитарлык абалдар оңдолот. 

Иш-сапардын алкагында, министрликтин адистери Тогуз-Булак айыл ɵкмɵтүнүн Кара-Булак айылындагы таштанды жайынын иши менен таанышты. Абонеттик төлөм  19 сом, таштанды жайынын жер участогу трансформацияланган, тосмолору бар, кароолчу тарабынан кайтарылбайт. Жакынкы аралыкта таштанды жайынын аймагынын аянтын кеңейтүү пландаштырылууда. 

Иш-сапардын алкагында атмосфераны булгоочу заттарды чыгарууну азайтуу боюнча түшүндүрүү иштери төмөнкү социалдык объектилерде жүргүзүлдү. 


Тактап айтканда К. Казыев, Гагарин атындагы орто мектептер, №1 Барчын атындагы бала бакча жана Лейлек райондук дарыгерлик практика борборунун отказандары кароого алынды. Кароодо отказандардын чаң-газ тазалоочу орнотмолордун (м.а. – ЧГТО), жоктугу жана жылытуу мезгилинде бир күндө 1-1,1 тонна көмүрдү жагаары аныкталды. Жеринде мекемелердин жетекчилигине КР Атмосфералык абаны коргоо мыйзамдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптары түшүндүрүлдү, ЧГТОдун маанилүү экендиги белгиленип, жабдыкты орнотууга байланышкан жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык суроолорго жооптор берилди.


Лейлек райондук администрациясынын өкүлдөрү келе жаткан жылытуу мезгилине карата тиешелүү иштерди жүргүзүп, ЧГТОду орнотуу боюнча иштерди жүргүзүүнү убадалашты. 


Маалымат ирээтинде Лейлек районунда ишмердүүлүгү абага булгоочу заттарды чыгарууга байланышкан 218 чарба субъектиси катталган. Өз кезегинде Министрлик тарабынан Атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгарган ишканаларга, булгоочу заттарды чыгаруунун азайтуу боюнча иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары менен удаа эскертүү каттары берилген.


Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин региондордо

атмосфералык абанын булгануусун алдын-алуу, болтурбоо тапшырмасынын алкагында

жүргүзүлүп жатат.