Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен «Маткасым» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен «Маткасым» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен «Маткасым» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.


Документке министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев жана «Маткасым» ЖЧКсынын башкы директору Убай Маткасымов кол коюшту.


Жолугушууга компаниянын негиздөөчүсү Убай Маткасымовдун экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу ниети тууралуу айтылган видео кайрылуусу негиз болду. Ошол эле учурда кайрылууда калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн контейнерлерди орнотуу боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинен уруксат алуу талап кылынары тууралуу жаңылыш маалымат айтылган.


Жолугушуунун жүрүшүндө Министрликтин өкүлдөрү калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн контейнерлерди орнотуу Министрликтен кандайдыр бир уруксатты же корутунду алууну талап кылбай тургандыгы түшүндүрүлдү.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экологиялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, калдыктарды өзүнчө чогултуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде бардык кызыкдар тараптар менен ачык, натыйжалуу жана өз ара ишенимге негизделген кызматташууга даяр экенин ырастайт.


Министрлик ошондой эле жаратылышты сактоого, экологиялык абалды жакшыртууга жана өлкөдө туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтууга багытталган бардык пайдалуу демилгелерди колдойт.