Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен «Твой заряд» компаниясы батарейкаларды экологиялык жактан коопсуз утилизациялоо боюнча меморандумга кол коюшту.
23-октябрь 2026, 09:32
Министрдин биринчи орун басары Ж.К. Сейдалиевдин жетекчилиги алдында «Твой заряд» компаниясынын командасы менен кезектеги жолугушуу өткөрүлдү.
«Твой заряд» компаниясы көчмө кубаттоочу түзүлүштөрдү ижарага берүү боюнча ири IT-сервисти сунуштайт. Компаниянын Кыргызстан боюнча 1 700 станциясы бар, мобилдик тиркемесинде 300 000 колдонуучу катталган. Алардын 150 000ден ашыгы Бишкек шаарында жайгашкан жана сервистин кызматтарынан пайдаланышат.
Компания 2022-жылдан тартып өзүнүн негизги ишмердүүлүгү менен катар колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча экологиялык демилгени да ишке ашырып келет. Учурда компаниянын мобилдик тиркемеде жайгашкан жерлери көрсөтүлгөн 850дөн ашык экобокстан турган иштеп жаткан инфраструктурасы бар. Экобокстар адам көп жүргөн жерлерге, анын ичинде фуд-кортторго, коомдук тамактануу жайларына, соода жана бизнес-борборлорго, көңүл ачуучу жайларга, билим берүү мекемелерине жана башка коомдук жайларга орнотулган.
Министрлик мындай жашыл долбоорлорду ишке ашырган компанияларды колдой тургандыгын билдирип, колдонулган батарейкаларды чогултууну, сактоону, ташып чыгууну жана өлкө аймагынан тышкары экологиялык жактан коопсуз ыкма менен утилдештирүүнү уюштуруу маселелери боюнча өз ара пайдалуу кызматташууга жана колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Кызматташуунун алкагында колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча биргелешкен брендбук иштеп чыгуу пландалууда. Ошондой эле калктын экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу жана экологиялык маданиятын калыптандыруу максатында жаштардын (мектеп окуучуларынын жана студенттердин) арасында колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча байге фонду каралган биргелешкен мотивациялык экологиялык сынактарды өткөрүү пландаштырылууда.
Мындан тышкары, электромобилдердин аккумуляторлорун чогултуу жана утилдештирүү боюнча ушундай форматтарды кеңейтүү, аларды кайра иштетүү инфраструктурасын түзүү жана бул багытка инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Министрлик менен «Твой заряд» компаниясынын ортосунда колдонулган батарейкаларды чогултууну уюштуруу жана экологиялык жактан коопсуз утилдештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү.