Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Экологиялык адилеттик: чакырыктар жана келечек» аттуу Улуттук соттор конференциясына катышты

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Экологиялык адилеттик: чакырыктар жана келечек» аттуу Улуттук соттор конференциясына катышты

2025-жылдын 25–26-сентябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 Мамлекеттик резиденциясында «Экологиялык адилеттик: чакырыктар жана келечек» темасында Улуттук соттор форуму өттү.

Форумга Жогорку соттун, судьялык коомчулуктун, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин, ошондой эле эл аралык жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан Чүй регионалдык башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Токтобекович Шаршеев «Кыргызстандагы экологиялык адилеттикти укуктук жөнгө салуу: чакырыктар жана артыкчылыктар» аттуу доклад менен чыгып сүйлөдү.

Өзүнүн докладында ал белгилегендей, экологиялык адилеттик – бул айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын бузгандарды гана жазалоо эмес, ошондой эле жарандардын жана айлана-чөйрөнүн укуктарын коргоо боюнча адилеттүү механизмди түзүү. Кыргызстандын соттук системасы өлкөнүн жаратылыш мурастарын сактоого салым кошуп келет, бирок мындан ары да натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн:

укуктук базаны өркүндөтүү жана соттук практиканы бирдикке келтирүү;

жарандык коомдун катышуусун күчөтүү;

экологиялык укук тармагында заманбап ыкмаларды жана инновациялык чечимдерди киргизүү зарыл.

Докладчы белгилегендей, мамлекеттин, соттук системанын жана коомчулуктун биргелешкен аракеттери гана жарандардын жакшыртылган айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укуктарын камсыз кылып, Кыргызстандыктын уникалдуу жаратылышын келечек муундар үчүн сактап калууга мүмкүндүк берет.

ЖРЭТКМ  КРнын бул форумга катышуусу министрликтин туруктуу өнүгүү жана адилеттүү экологиялык сот адилеттигине берилгендигин, ошондой эле заманбап экологиялык чакырыктарды чечүүдө сот органдары жана жарандык коом менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин тастыктады.