КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Экологиялык кеңештин жыйынына катышты
17-февраль 2026, 18:04
Чүй өрөөнү
КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Экологиялык кеңештин жыйынына катышты
2026-жылдын 17-февралында Бишкек шаарындагы санитардык полигондун аймагында жайгашкан жаңы таштандыларды кайра иштетүүчү заводдо Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Экологиялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйын борбор калаадагы атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга арналды.
Кеңештин ишине Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимий чөйрө, экоактивисттер, ошондой эле каржылык жана коомдук экологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар жаңы таштанды өрттөөчү заводдун технологиялык чечимдери, зыяндуу чыгындыларды чыпкалоо системасы, экологиялык мониторинг жүргүзүү механизмдери жана таштандылар менен иш алып барууну модернизациялоо боюнча чаралар менен таанышты. Абанын булганышын азайтуу жана объекттин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берилди.
Жыйын соңунда суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, анын жүрүшүндө шаардын мэри А.Жунушалиев катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берди.