КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү приборлорду эксплуатациялоодо мыйзам бузууларды аныктады

Чүй өрөөнү
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү приборлорду эксплуатациялоодо мыйзам бузууларды аныктады

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү приборлорду эксплуатациялоодо мыйзам бузууларды аныктады.


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мониторинг иш-чараларынын алкагында инспекторлор тарабынан жүргүзүлгөн реалдуу убакыт режиминде атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү приборлорду (датчиктерди) сыноонун натыйжалары жөнүндө билдирет.

2024-жылдын 5-9-декабрында Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору тарабынан Бишкек шаарынын айрым мекемелеринде атмосфералык абанын нормасынан ашкан түзүлүштөр текшерилип, анын жүрүшүндө аталган приборлор Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарына ылайык келбегендиги аныкталган, башкача айтканда, сертификаттар жок (мамлекеттик текшерүү жана калибрлөө ж.б.) документтер.


Текшерүүнүн жүрүшүндө, аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде жайгашкандытан, атмосфералык абанын сапаты боюнча туура эмес маалыматтарды берген.

Министрлик бардык кызыкдар тараптарды аныкталган мыйзам бузууларды оңдоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө жана абанын сапаты боюнча ишенимдүү маалыматтар менен гана бөлүшүүгө чакырат.