Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги форелди кармоого убактылуу тыюу салынгандыгын маалымдайт
24-октябрь 2025, 17:44
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы Чүй облусунун жана республика боюнча бардык суу объектилеринде 2025-жылдын 15-октябрынан 15-декабрына чейин суу форелин (Salmo trutta fario) кармоого убактылуу тыюу салынгандыгын эскертет.
Бул тыюу салуу чарасы аталган балыктын жумуртка чачуу (нерест) мезгилине байланыштуу кабыл алынган жана форелдин популяциясын сактоого, ошондой эле өлкөнүн суу биоресурстарын туруктуу пайдаланууну камсыздоого багытталган.
Балык уулоонун эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик каралган.
Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору бардык балыкчыларды экологиялык жоопкерчиликти жогорулатып, көрсөтүлгөн мезгилде балык уулоодон карманып турууга жана суу экосистемаларынын табигый тең салмактуулугун сактоого өз салымын кошууга чакырат.