Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Аңчылык эрежелерин сактоо жана экологиялык мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды аңчылык тармагындагы мыйзамдарды так сактоого, уруксат берүүчү документтерди мыйзамдуу түрдө алууга жана жапайы жаныбарларды мыйзамсыз олжоло үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертет.

Кыргыз Республикасында аңчылыкты жөнгө салуучу негизги нормативдик документтер:

    •    2014-жылдын 13-мартындагы №41 “Аңчылык жана аң чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

    •    “Жапайы жаратылыш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

    •    2025-жылдын 4-февралындагы №55 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому жана башка тиешелүү укуктук актылар.

Аңчылар үчүн негизги талаптар:

    •    Аңчылыкка уруксат берүүчү документтер болгон учурда гана уруксат берилет (аңчы күбөлүгү, ок атуучу куралга ээ болуу жана аңчылык куралын алып жүрүүгө, жолдомого, энчилүү атуу карточкасына же трофей барагына);

    •    Жапайы жаратылыш жана аңчылык ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттик коргоодо турат;

    •    Ар бир жаныбар же канаттуунун түрүнө жараша аңчылык мөөнөттөрү жана лимиттери белгиленет.

Чет элдик жарандардын аңчылыкка катышуу тартиби:

Чет элдик аңчылар Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу аң чарбалары аркылуу гана аңчылык кыла алышат. Табигый ресурстарды пайдалануу үчүн белгиленген төлөмдү төлөгөндөн кийин атайын комиссия тарабынан квоталар берилет.

Мисалы, төлөм өлчөмү төмөнкүчө:

    •    Марко Поло койу — 1 миллион сом;

    •    Сибир тоо эчкиси — 200 миң сом.

Жаныбарлардын толук тизмеси жана төлөм ставкалары 2015-жылдын 20-октябрындагы №715 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.

Жоопкерчилик жана айып пулдар:

2024-жылдын июль айында жапайы жаныбарларды, анын ичинде сейрек түрлөрдү мыйзамсыз олжоло боюнча   доо суммалары жогорулатылган:

    •    Ак илбирс — 2 000 000 сом;

    •    Аркар, күрөң аюу, марал, джейран — 1 500 000 сом;

    •    Тоо эчки — 300 000 сом;

    •    Чаарчык (косуля) — 100 000 сом.

Ошондой эле, мыйзамсыз аңчылык тууралуу маалымат берген жарандар өндүрүлгөн доонун суммасынан 50% га чейин сый акы алышат.

Мыйзамсыз аңчылык административдик айып пул салууга, ал эми Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткан учурда — кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келет.

Калкка сунуштар:

    •    Аңчылыкка чыгар алдында бардык документтердин мыйзамдуулугун жана мөөнөттөрүн текшериңиздер;

    •    Белгиленген лимиттерден ашпаңыздар;

    •    Эгерде браконьерлик фактысына күбө болсоңуздар, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 108 ишеним телефону аркылуу кабарлаңыздар — бул сый акы алууга негиз боло алат.

Министрлик жарандарды экологиялык мыйзамдарды сактоого жана жапайы жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат. Жаныбарлар дүйнөсү — Кыргызстан жаратылышынын ажырагыс бөлүгү.