ММК үчүн Ысык-Көл жээгиндеги пресс-тур

Ысык-Көл өрөөнү
ММК үчүн Ысык-Көл жээгиндеги пресс-тур

ММК үчүн Ысык-Көл жээгиндеги пресс-тур

Бүгүн, 2025-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар жана жээк аймактары боюнча пресс-тур уюштурду.

Иш-чаранын максаты – тазалоо курулмаларынын абалын көзөмөлдөө,  браконьерликке каршы аракеттер менен таанышуу. Өзгөчө көңүл «Пластиксиз Ысык-Көл» аттуу экологиялык демилгени ишке ашырууга бурулуп жатат. Бул демилге туристтер менен ишкерлердин жоопкерчиликтүү жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга багытталган – бир жолку целлофан баштыктардан баш тартуудан баштап, таштандыларды иргөө системасын киргизүүгө чейин.

Пресс-турдун алкагында инфраструктуралык объекттерге баруу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар жана курорттук сезон учурунда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүү каралган.