Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Курчап турган чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнүн белгиледи
04-июнь 2025, 13:17

2025-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Курчап турган чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнүнө жана 1999-жылдан бери кесиптик майрам катары белгиленип келген Эколог күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Министр Медер Машиев иш-чаранын конокторун — тармактын ардагерлерин, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президенттик администрациянын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн куттуктап, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу жаратылыш пайдалануусу жаатында көрүлүп жаткан аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр өз сөзүндө өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири экологиялык демилгелерге токтолду. Алардын ичинен өзгөчө маанилүүсү — “Жашыл мурас” улуттук программасы, анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында, айрыкча тоолуу райондордо, 3 миллион 515 миңден ашуун көчөт тигилип, жалпысынан 19 миң гектардан ашык аянтты камтыды. Бул экосистемаларды калыбына келтирүүгө багытталган маанилүү кадам катары белгиленди.
Министр Кыргызстан тоолуу региондордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо жана бул маселелерди эл аралык күн тартибине чыгарууда активдүү позицияны ээлеп жатканын белгиледи. Бул жааттагы негизги демилгелер:
БМУнун “Туруктуу тоо өнүгүүсү” резолюциясы, 2023–2027-жылдарды Тоолор үчүн аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо;
ЮНЕСКОнун тоо мөңгүлөрүн байкоону күчөтүү жөнүндө резолюциясы;
БМУнун “Табият чек араларды билбейт” резолюциясы;
жана 2022-жыл — Тоолуу региондордун туруктуу өнүгүүсүнүн эл аралык жылы деп жарыяланган чечим.
Бул демилгелер Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана эксперттик аракеттеринин жемиши болуп, дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болгон.
Мындан тышкары, министр Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө бир жолу колдонулуучу пластик буюмдарды жана баштыктарды колдонууга чектөө киргизген алгачкы өлкө экенин баса белгиледи. Бул чектөөлөр алгач жаратылышты өзгөчө коргоого алынган жана биосфералык аймактарда күчүнө кирип, 2027-жылдан тарта өлкөнүн бардык аймагында толук тыюу салынмакчы.
Сөзүнүн соңунда министр министрликтин негизги өнүгүү багыты — экологиялык коопсуздукту камсыздоо, реалдуу секторду колдоо, мамлекет менен бизнес ортосундагы процесстерди санариптештирүү, жарандык коом институттарын өнүктүрүү жана коомдук бирикмелердин ролун жогорулатуу экенин белгиледи.
«Экология — бул, биринчи кезекте, прогресс үчүн зарыл болгон жаңы билимдер», — деп белгиледи М.Машиев.
Министрликтин кызматкерлери 2025-жылдын 3-июнунда куттуктоо менен сыйланышты. Табиятты коргоо тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн кызматкерлерге Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана министрликтин төш белгилери тапшырылды.