Жаратылыш ресурстары министрлиги 2024-жылдын I кварталындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен 25 кызматкерге эскертүү, сөгүш жарыяланып, бир кызматкер жумушунан бошотулду

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги 2024-жылдын I кварталындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен 25 кызматкерге эскертүү, сөгүш жарыяланып, бир кызматкер жумушунан бошотулду

2024-жылдын 30-апрелинде Жаратылыш ресурстары министрлигинде министр М.Тургунбаевдин жетекчилиги астында, министрдин орун басарлары жана борбордук аппараттын, департамент жана кызматтардын жетекчилеринин, регионалдык башкармалыктардын башчылары онлайн форматта катышып, 2024 жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы чыгарылды.

Жыйында министрликтин ишмердүүлүгүнө канааттандыраарлык деген баа берилип, бирок бир нече катачылыктар, жетишсиз иш-аракеттер боюнча министр регионалдык башкармалыктын, министрликтин алдындагы мекеме уюмдардын жетекчилерине каттуу эскертүү берди.                         

2024 жылдын биринчи кварталында Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыктары тарабынан 2024-жылдын 1 кварталында УПСМ менен биргеликте 25 иш-чара жүргүзүлүп 383 автоунаа текшерилип, 14 протокол түзүлүп, жалпы 105000 сом айып салынды.  

Синтетикалык жана башка калдыктарды (тигүү калдыктары, мончолор, резина ж. б.) өрттөөнү аныктоо боюнча 50 ишканада текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 28 протокол түзүлүп, жалпы 607 000 сом айып салынды.

Жалпы билим берүү мекемелеринде экологиялык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу боюнча 143 иш аткарылды.

Көмүр базаларында көмүрдүн сапатын текшерүү боюнча 13 иш-чара аткарылды. Булгоочу заттарды чыгарууга берилген уруксаттардын саны 28. Жалпысынан 439 чарбакер субъекттерге кабарлоолор берилди.

     

Көрсөткүчтөрдү карап жатып министр М.Тургунбаев айып пулдардын өндүрүүмдүлүктү арттырууда башка мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыкта  болуп, жазылган бардык айып пул мамлекеттин кызыкчылыгына өндүрүүлүсүн контролдоо, керектигин белгеледи.    


Президент С.Н.Жапаровдун Указдарын  өзгөчө №131 Указдын ишке ашыруу биздин приоритеттүү милдеттерибиз жана 

министрликтин ички буйрук жана тапшырмаларды так өз убагында аткаруусун колго алуу өтө маанилүү экенин айта кетти.

Жер үстүндөгү суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалангандыгы үчүн каралган төлөмдөр боюнча  2024-жылдын  1-апрелине карата 45 млн. 326,5 миң сомду түзгөн. 

Мамлекетибиздин жалпы бюджеттин толуктоодо министрликтин ролу өтө чоң экенин белгилеп, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалангандыгы үчүн финансылык түшүүлөр 2 млн. 317,4 миң сомду түздү.

2024-жылдын 1-кварталына карата жалпы 232 лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди бергендиги үчүн жалпы төлөмдөр 159,9 миң сомду түзүп, анын ичинен 103 даана уруксат берүүчү документтерден  30,9 миң сом жана 129 даана лицензиялардан 129,0 миң сом түшкөн. 

Жер казынасын пайдалануу акысы үчүн финансылык түшүүлөр боюнча  2024-жылдын 1-кварталына карата жер казынасын пайдалануу акысы үчүн финансылык түшүүлөр боюнча жалпы 186 млн. 161,7 миң сом акча каражаты өндүрүлдү. 

2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен, министрликтин 23 кызметкерлерине эскертүү, сөгүш жарыяланып бир кызматкер жумушунан бошотулду. 

Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр М.Тургунбаев ишине так эмес, жоопкерсиздик кызматкерлерге мындан ары дагы катаал чаралар көрүүлөрүн баса белгиледи.