Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук тазалык күнүнө чакырат
16-апрель 2026, 16:59
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын 18-апрелинде, ишемби күнү, КР Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу максатында, өлкөнүн бардык аймактарында масштабдуу жалпы республикалык ишембилик өтөт.
Борбор калаада Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери «Сейил» паркынын аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерине катышышат.
Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аталган иш-чараны чагылдырууга жана экологиялык демилгелерди жайылтууга салым кошууга чакырат.
ЖМК ҮЧҮН МААЛЫМАТ:
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 18-апрели (ишемби).
Башталышы: саат 09:00.
Чогула турган жер: Бишкек ш., «Сейил» паркы.
Катышуучулар: Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери.
Бардык суроолор боюнча министрликтин басма сөз кызматы менен байланышсаңыздар болот: Абдиева А. Тел: +996 (556) 05-59-55