Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы иш-чараларды улантууда.

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы иш-чараларды улантууда.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы иш-чараларды улантууда.

2025 - жылдын 25 - декабрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө"   Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024 -жылдын 5- июнундагы № 137 Жарлыгын аткаруу максатында атайын жыйын өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Д. Какешов жана департаменттин кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Б.Д. Какешов Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамын жанылануу» темасындагы мыйзамдарга киргизилген жанылануулар, өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча презентация жасап, мыйзамдын негизги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги беренелер боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Айрыкча коррупциялык укук бузуулардын түрлөрү, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жана алардын алдын алуу механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктө кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу, коррупция каршы чектөөлөрдү сактоо жана мыйзам нормаларын практикалык колдонуу маселелери талкууланды. Жыйындын катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, так жана толук жоопторду алышты.

Жыйындын аягында мындай түшүндүрүү иш-чаралары кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коррупцияга болгон чыдамсыз мамилени калыптандырууга жана Экологиялык мониторинг департаментинин ишинде ачык-айкындуулук менен адептүүлүк принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча системалуу иштерди мындан ары да улантат.