Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги буга чейин берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышын масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү.

Чүй өрөөнү

Бүгүнкү күндө инвентаризациялоо менен жер казынасын пайдаланууга берилген 1981 колдонуудагы лицензия камтылды. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча лицензиялардын жана лицензиялык келишимдердин шарттарын бузган 836 учур аныкталды. Мыйзам бузууларды четтетүү жана тармакта тартип орнотуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында 500гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп жана жокко чыгарылды (аннулирование).

Эң көп кездешкен мыйзам бузуулардын ичинен рекультивациялык эсептер жана реквизиттер жөнүндө билдирүүлөрдүн жоктугу, бонустарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылбашы, лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши, ошондой эле милдеттүү лицензиялык талаптардын сакталбагандыгынын башка фактылары аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматына Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо жана ар бир аныкталган факт боюнча тийиштүү чараларды көрүү ишин улантуу тапшырылды.