Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коррупцияга каршы билим берүүгө багытталган иш-чара өткөрдү
07-октябрь 2024, 17:57
2024-жылдын 7-октябрында «Мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу» деген темада Жаратылыш министрлигинин лицензиялык уруксат берүүчү бөлүмдөрдүн кызматкерлери арасында кезектеги семинар болуп өттү.
КР ЖРЭТКМнин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти Б.Д. Какешов, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында коррупцияга каршы агартуунун төмөнкү аспектилерине токтолду.
Коррупцияны четке кагуунун активдүү жарандык позициясын калыптандыруу максатында аталган эксперт колдонуудагы коррупцияга каршы мыйзамдардын жоболорун, мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуунун айрым чараларын түшүндүрүп, ошондой эле КР ЖРЭТКМнин тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан уруксат берүүчү-лицензиялык документтерди тариздөөдө жана берүүдө коррупциялык шарттарды түзүүчү укуктук аспектилерге токтолду.
Мындан тышкары, бул коррупцияга каршы агартуу ишинин жүрүшүндө калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупциялык аракеттердин алдын алуу, калктын калың катмарынын жана кызматкерлердин арасында чынчылдык жана ак ниеттик маданиятын жайылтуу боюнча айрым маселелер белгиленди.
Өз кезегинде КР ЖРЭТКМ министринин орун басары А.К. Райымкулова катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү укук бузууларга жол бербөө жана жетекчилик звеносу тарабынан келечекте мындай иш-чараларды улантуу тууралуу маалымат берди.
Бул семинар А. К. Райымкулованын жана Б. Д. Какешовдун демилгеси менен өткөрүлдү.