Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт, бүгүнкү күнгө карата Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан таштанды полигонунда эч кандай өрт чыгуу фактылары аныкталган жок.

Чүй өрөөнү

Министр М. Машиевдин тапшырмасына ылайык, Министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору ыкчам түрдө жерине барып, аталган полигондо мүмкүн болгон өрт чыгуу фактылары боюнча текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар комитеттеринин 23-декабрда өткөн биргелешкен жыйынында депутаттар тарабынан айтылган билдирүүлөрдүн алкагында жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштер мындан ары да күчөтүлөт.