Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөрүлгөн “UIM F1H2O дүйнө чемпионаты – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл-2026” эл аралык спорттук иш-чарасын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мекемелер аралык иш-чаралар планында Министрликке жүктөлгөн бардык иш-чаралар өз убагында жана толук көлөмдө аткарылгандыгын маалымдайт

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөрүлгөн “UIM F1H2O дүйнө чемпионаты – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл-2026” эл аралык спорттук  иш-чарасын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мекемелер аралык иш-чаралар планында Министрликке жүктөлгөн бардык иш-чаралар өз убагында жана толук көлөмдө аткарылгандыгын маалымдайт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Бает айылында өткөрүлгөн “UIM F1H2O дүйнө чемпионаты – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл-2026” эл аралык спорттук  иш-чарасын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мекемелер аралык иш-чаралар планында Министрликке жүктөлгөн бардык иш-чаралар өз убагында жана толук көлөмдө аткарылгандыгын маалымдайт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө үчүн ыкчам жумушчу топтун мүчөлөрү нөөмөттө болушту. 

Мелдеш өтүүчү жай, анын ичинде акватория, жарыш унааларын жайгаштыруучу жайлар, техникалык тейлөө аймактары (убактылуу гараждар) жана тиешелүү инфраструктура. Изилдөөнүн жүрүшүндө суу бетине күйүүчү-майлоочу материалдардын төгүлүшү же топурактын же жээк аймагынын булганышы сыяктуу экологиялык мыйзамдардын бузулушу аныкталган жок. 

Ошондой эле, Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан 2026-жылдын 30-июлунда спорттук иш-чарага чейин жана 3-августта  Спорттук иш-чара аяктагандан кийин Экологиялык мониторинг департаментинин адистери мелдеш өтүүчү жайды курчап турган сууларга экологиялык мониторингин жүргүзүштү. 

Спорттук иш-чарага чейин, жана аяктагандан кийин моторлуу кайык токтоочу понтондон жана мелдеш жолунан суу үлгүлөрү алынган. Алынган суу үлгүлөрүнө негизги көрсоткүчтөрдүн бири болгон мунайзаттарына жана эритилген кычкылтекке химиялык анализ жүргүзүлгөн. 

Химиялык анализдер суунун сапатынын начарлашын же белгиленген булгоочу заттардын деңгээлинен ашып кеткенин көрсөткөн жок. Жүргүзүлгөн химиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы 2016-жылдын 14-мартындагы №128 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген чектүү жол берилүүчү концентрациялар менен салыштырылды.

Эл аралык спорттук иш-чарадан кийин Моторлуу кайык федерациясынын өкүлдөрүнө жана мелдеш уюштуруучуларына мелдеш өтүүчү жайдын тийиштүү санитардык жана экологиялык абалда экенине, убактылуу инфраструктураны демонтаждоого жана жабдууларды толугу менен алып кетүүгө кепилдик берүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.