Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бирдиктүү терезе» автоматташтырылган маалыматтык системасынын (АМС) ишке киргизилгенин маалымдайт
22-июнь 2026, 09:22
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бирдиктүү терезе» автоматташтырылган маалыматтык системасынын (АМС) ишке киргизилгенин маалымдайт.
Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, процедуралардын ачыктыгын жогорулатуу жана жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында «Бирдиктүү терезе» системасы арыздарды, кайрылууларды жана керектүү документтерди жалаң гана электрондук форматта кабыл алууну карайт. Бул система аркылуу арыз ээлери документтерди тапшырып, кароонун жыйынтыктарын, уруксат берүүчү документтерди жана лицензияларды электрондук түрдө ала алышат.
Ушуга байланыштуу юридикалык жактарга системада авторизациядан өтүү жана берилген документтерге кол коюу үчүн зарыл болгон булуттук электрондук санариптик кол тамганы (ЭСК) алдын ала алуу зарыл.
Уюмдарыңыздын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан ЭСК алуу ишин камсыздоону жана Министрлик менен электрондук өз ара аракеттенүүгө өтүү үчүн зарыл чараларды көрүүнү өтүнөбүз.
ЭСКны алуу боюнча нускама жана маалымат Тиркемеде берилет.