Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепти жаңыртуу боюнча иш алып барышат

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепти жаңыртуу боюнча иш алып барышат
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепти жаңыртуу боюнча иш алып барышат. 


Бул макулдашуунун алкагында УИАнын окумуштуулары Кыргызстандын бардык аймактарында комплекстүү талаа жана камералдык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Масштабдуу илимий иштин негизги максаты – флора жана фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүнүн абалы жөнүндө актуалдуу жана так маалыматтарды алуу.


Долбоор 24 айга эсептелген, ал эми пландалган иштердин жалпы наркы 21 миллион сомго жакын каражатты түзөт. 


Эки жылдык иштин жыйынтыгында окумуштуулар Министрликке Кызыл китептин жаңы басылышынын негизин түзгөн фундаменталдык илимий базаны беришет.


Учурда Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрдүн тизмесине 57 түрдүү куштар, 23 түрдүү сүт эмүүчүлөр, 2 түрдүү жерде-сууда жашоочулар, 8 түрдүү сойлоочулар, 7 түрдүү балыктар, 18 түрдүү муундуу буттуулар, ошондой эле 89 түрдүү жогорку өсүмдүктөр жана козу карындар кирет.