Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык коопсуздук боюнча адистерди окутууну баштады

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык коопсуздук боюнча адистерди окутууну баштады
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык коопсуздук боюнча адистерди окутууну баштады. 


Министрликке караштуу Тармактар аралык окуу борборунда «Экологиялык коопсуздук» багыты боюнча жаңы курс старт алды. Курс министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле өндүрүштүк ишканалардын экологиялык кызматкерлерине арналган.


Курстун негизги багыттары:


• Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
• Өндүрүштүн табиятка тийгизген терс таасирин азайтуу;
• Экологиялык мыйзамдарды жана талаптарды иш жүзүндө колдонуу.


Окутуунун биринчи этабында 25 адис билим алат. Окуу программасы теория менен катар практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Курсту ийгиликтүү аяктагандарга квалификацияны жогорулатуу тууралуу сертификаттар тапшырылат.


Жыл аягына чейин тиешелүү бардык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу пландалууда.


Кадрлардын кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу — өлкөдөгү экологиялык саясатты натыйжалуу ишке ашыруунун жана экологиялык талаптардын так аткарылышын камсыз кылуунун негизги кадамы.