Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасынын (ӨКЖ) алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүнө кирген эскертет

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасынын (ӨКЖ) алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүнө кирген эскертет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасынын (ӨКЖ) алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүнө кирген эскертет.

ӨКЖ — бул өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды товарлар менен таңгактар колдонулгандан кийин аларды кайра иштетүүгө жоопкер кылган мамлекеттик механизм.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтому менен ӨКЖ системасына кирген 24 товардык топтун тизмеси бекитилген. Ага аккумуляторлор, автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башка товарлар кирет.

ӨКЖ төлөөчүлөр:

▪️ импорттоочулар — товарлар өлкө аймагына киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде;

▪️ өндүрүүчүлөр — ар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин төлөөгө милдеттүү.

ӨКЖ системасын ишке ашыруу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.

Утилизациялык төлөмдөн түшкөн каражаттар таштандыларды кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө багытталат.

Төлөмдү өз убагында жүргүзбөө мыйзамда каралган административдик жоопкерчиликке алып келет.