Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарга аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.
02-октябрь 2026, 09:10
Аңчылык мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө гана жүргүзүлөт. Мында аңчылык мөөнөттөрү конкреттүү аңчылык жаныбарына же канаттууга жараша белгиленет. Ошондуктан аңчылыкка чыгуудан мурда тиешелүү жаныбарга же канаттууга аңчылык кылуу сезону ачылганын, ошондой эле белгиленген олжонун ченемдерин жана аңчылык жүргүзүүгө уруксат берилген аймакты тактап алуу зарыл.
Белгиленген мөөнөттөн тышкары, тыюу салынган жаныбарларга же аңчылык жүргүзүүгө тыюу салынган аймактарда аңчылык кылуу мыйзам бузуу болуп саналат.
Аңчылыкты мыйзамдуу жүргүзүү үчүн төмөнкү документтер болушу зарыл:
• жарактуу мамлекеттик аңчы күбөлүгү;
• аңчылык жүргүзүүгө укук берүүчү путёвка (жаныбардын түрү көрсөтүлөт);
• ок атуучу курал колдонулган учурда, аңчылык куралына тиешелүү зарыл документтер.
Аңчынын күбөлүгүнүн гана болушу жаныбарларды өз алдынча атууга укук бербейт. Конкреттүү аймакта жана тиешелүү аңчылык жаныбарына аңчылык жүргүзүүгө укук берүүчү документтерди алуу зарыл.
1. Аңчы күбөлүгүн алуу боюнча – жашаган жери боюнча министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек.
2. Путёвка алуу үчүн – аңчылык жүргүзүү пландалган аймакта иш алып барган тиешелүү аңчылык чарбасына (аңчылыкты пайдалануучуга) кайрылуу зарыл.
3. Аңчылыкка чыгуудан мурда төмөнкүлөргө ынануу керек:
• тандалган жаныбардын же канаттуунун түрүнө аңчылык кылуу сезону ачылганына;
• аймак аңчылык жүргүзүүгө уруксат берилген аймактардын катарына кирерине;
• зарыл болгон документтердин бар экенине;
• олжо алуу лимити белгиленгенине жана анын ашырылбаганына;
• аңчылыкты жүргүзүүнүн белгиленген ыкмалары жана мөөнөттөрү сакталганына.
Белгиленген аңчылык мезгили аяктагандан кийин тиешелүү түргө аңчылык кылууга жол берилбейт.
Министрлик аңчыларды мыйзам талаптарын так сактоого, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине аяр мамиле кылууга жана жапайы жаныбарлар менен канаттууларды мыйзамсыз атып алууга жол бербөөгө чакырат.