Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги: троллейбустарды шаарлар арасында өткөрүп берүү өлкөлөрдүн климаттык саясатын бузбайт
01-май 2025, 14:25
Чүй өрөөнү

Бир катар ЖМКларда КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкектен Ошко 100 троллейбусту өткөрүп берүү боюнча позициясы тууралуу жарыяланган маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү түшүндүрөбүз. Кыргыз Республикасы Париж келишиминин катышуучусу болуп саналат жана парник газдарынын чыгарылышын кыскартуу боюнча милдеттенмелерди алган. Максаттар расмий документте – Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдар (УДАС) белгиленген, бул милдеттенмелер УДАС 2.0го киргизилген, ал улуттук мүнөзгө ээ, бул документ аткарылгандыгын жана айрым шаарлардын же региондордун эмес, бүткүл өлкөнүн деңгээлиндеги максаттарды, аракеттерди чагылдырарын билдирет. Учурда УДАС 3.0 иштелип жатат, анда электробустар сыяктуу экологиялык таза коомдук транспорттун түрлөрүн көбөйтүү каралган.
Электр транспортун шаарлар арасында өткөрүп берүү жалпы чыгарылыштардын көлөмүнө таасир этпейт жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин бузбайт. Троллейбустар – бул экологиялык жактан таза, коопсуз жана энергияны үнөмдүү пайдалануучу коомдук транспорттун түрү.
Алардын кайсы шаарда болбосун иштетилиши абанын булганышынын жана көмүртек изинин деңгээлин төмөндөтүүнү улантат. Министрлик баса белгилейт: сөз климаттык максаттарды үзгүлтүккө учуратуу жөнүндө эмес, тескерисинче – аларды бүткүл өлкө боюнча ырааттуу ишке ашыруу жөнүндө болуп жатат. Экологиялык таза транспортту өзгөчө зарыл болгон жерде – Бишкекте да, Ошто да натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу маанилүү.
«Министрлик бүткүл өлкө боюнча экологиялык таза транспортту өнүктүрүүнү колдойт. Троллейбустар кайсы жерде иштебесин жашыл транспорт бойдон кала берет. Бул климатка коркунуч эмес, Бишкекте да, Ошто да экологиялык абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет»,-деди министр М.Машиев.
Троллейбустарды өткөрүп берүү Кыргызстандын шаарларында абанын сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү саясаттын алкагындагы кадам катары каралышы мүмкүн. Жаратылыш ресурстары министрлиги туруктуу транспортту системалуу өнүктүрүү жана улуттук деңгээлде климаттык демилгелерди координациялоо боюнча ишин улантууда.