Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды таштандыларды уруксатсыз таштоо фактылары боюнча 108 ишеним телефонуна билдирүүгө чакырат

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөбүздүн экологиялык балансын жана жаратылыш ресурстарын сактоого аракет кылууда.

Таштандыларды, анын ичинде курулуш таштандыларын, бак-дарактарды кыюуга, тигүү калдыктарын өрттөөгө, браконьерликке жана башка көптөгөн эколгияга байланыштуу биз жарандарды таза жана сергек айлана-чөйрө үчүн күрөштө активдүү өнөктөш болууга чакырабыз.

Жарандардын активдүү катышуусусуз экологиялык укук бузууларга каршы эффективдүү күрөш жүргүзүү мүмкүн эмес, андыктан жогоруда көрсөтүлгөн бардык мыйзам бузуулар боюнча 108 ишеним телефонуна билдирүүңүздү суранабыз.

Бул кырдаалга ыкчам чара көрүүгө, тартип бузуучуларды аныктоого жана зарыл чараларды көрүүгө жардам берет. Биз ошондой эле fb жана instagram социалдык баракчаларында активдүү иш алып барып  жатканыбызды эскертебиз.

108 ишеним телефону дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт.