Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги буга чейин берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышын масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги буга чейин берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышын масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги буга чейин берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышын масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү.


Бүгүнкү күндө инвентаризациялоо менен жер казынасын пайдаланууга 2000 чукул лицензия берилген. Лицензиялардын жана лицензиялык келишимдердин шарттарын бузган 836 учур аныкталып, мыйзам бузууларды жоюу жана тармакта тартип орнотуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында 600гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп жана айрымдарыныкы жокко чыгарылган (аннулирование).


Эң көп кездешкен мыйзам бузуулардын ичинен рекультивациялык эсептер жана реквизиттер жөнүндө билдирүүлөрдүн жоктугу, бонустарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылбашы, лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши, ошондой эле милдеттүү лицензиялык талаптардын сакталбагандыгынын башка фактылары аныкталган.


Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Кыргыз геология кызматына жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо жана ар бир аныкталган факт боюнча тийиштүү чараларды көрүү ишин улантуу тапшырылды.