Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы социалдык тармактарда жарыяланган видео жана маалыматтардын негизинде Ала-Арча суу сактагычынын аймагында ыкчам тактоо иштерин жүргүздү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы социалдык тармактарда жарыяланган видео жана маалыматтардын негизинде Ала-Арча суу сактагычынын аймагында ыкчам тактоо иштерин жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аймак өз убагында таштандыдан тазаланбай, санитардык жана экологиялык талаптар одоно бузулганы аныкталды. 

Натыйжада, суу сактагычтын аймагын ижарага алып иштеткен тарапка Укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, өз милдеттерин аткарбаган ижарачыга 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Муну менен катар, инспекторлор тарабынан ижарачыга мындан ары экологиялык талаптарды бузууга жол бербөө жана аймакты туруктуу таза кармоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Аны менен бирге Жаратылыш ресурстары министрлиги коомчулуктун мындай маселелерге кайдыгер карабаганы үчүн ыраазычылык билдирет.