Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Финансы министрлиги менен эл аралык донорлордун колдоосунда «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырышууда. Долбоордун негизги максаты – зыяндуу заттардын атмосферага бөлүнүп чыгышын азайтуу жана экологиялык жактан таза технологияларды өлкө жарандары үчүн жеткиликтүү кылуу болуп саналат

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Финансы министрлиги менен эл аралык донорлордун колдоосунда «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырышууда. Долбоордун негизги максаты – зыяндуу заттардын атмосферага бөлүнүп чыгышын азайтуу жана экологиялык жактан таза технологияларды өлкө жарандары үчүн жеткиликтүү кылуу болуп саналат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Финансы министрлиги менен эл аралык донорлордун колдоосунда «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырышууда. Долбоордун негизги максаты – зыяндуу заттардын атмосферага бөлүнүп чыгышын азайтуу жана экологиялык жактан таза технологияларды өлкө жарандары үчүн жеткиликтүү кылуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын, ошондой эле Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары заманбап жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жеңилдетилген каржылоо өнөктөш банктар – АБанк, Элдик Банк жана Бакай Банк аркылуу берилет. Калк үчүн насыянын максималдуу суммасы 1 миллион сомду түзүп, мөөнөтү 5 жылга чейин, жылдык пайыздык үстөгү 6 пайыздан башталат.

Насыя каражаттары ар кандай үлгүдөгү жылуулук насосторун, электр казандарын, инфракызыл керамикалык жылыткычтарды, күндүн жылуулук системаларын жана башка энергияны үнөмдөөчү заманбап жабдууларды сатып алууга жана орнотууга багытталышы мүмкүн.

Долбоор Кыргызстандын абанын сапатын башкаруу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого, турак жайларды жылытууда экологиялык жактан таза чечимдерди кеңири жайылтууга жана шаардык аймактарды жашылдандыруу системасын өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында абанын сапатына мониторинг жүргүзүүчү инфраструктура жаңыланып, маалыматтарды чогултуу, талдоо, иштеп чыгуу жана болжолдоо системалары өркүндөтүлөт. Ошондой эле үй чарбаларын заманбап, энергияны үнөмдөөчү жылытуу технологияларына өткөрүү боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылат. Бул атмосферанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө, калктын саламаттыгын жакшыртууга жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, жарандар турак жайларын газдаштырууга 150 миң сомго чейин жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул насыя жылдык 3 пайыздык үстөк менен берилет, ал эми буга чейин колдонулуп келген пайыздык чен 8 пайызды түзчү.