Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзмөл министрлиги министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргелекте Кызыл китепти жаңылоонун үстүндө иш алып барат жана ал боюнча тараптар бүгүн кызматташуу боюнча документке кол коюшту

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзмөл министрлиги министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргелекте Кызыл китепти жаңылоонун үстүндө иш алып барат жана ал боюнча тараптар бүгүн кызматташуу боюнча документке кол коюшту
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кызыл китепти жаңылоонун үстүндө иш алып барат жана ал боюнча тараптар бүгүн кызматташуу боюнча документке кол коюшту.  Аны менен бирге министрлик жана "Түндүк" ААК тармакты санариптештирүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жаратылыш ресурстарын башкаруу процесстеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган автоматташтырылган маалымат системаларын иштеп чыгуу боюнча да келишимдерге кол коюшту.
Бул кызматташтыктын алкагында төмөнкү маалымат системалары иштелип чыгат:


 Мергенчи АИС 
 Жашыл Мурас АИС 
 Жер казынасын пайдаланууга лицензияны сактоо үчүн төлөм АИС 


Бул автоматташтырылган маалымат системалары заманбап санариптик чечимдерди ишке ашырууга жана министрлик үчүн бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган.


Кызматташтык өкмөттүн, жарандардын жана бизнестин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкын, натыйжалуу жана ыңгайлуу системасын түзүүгө карай маанилүү кадам болот