Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги IV Элдик Курултайдын алкагында жарандардын суроо-талабына өзгөчө көңүл бурду.
24-декабрь 2025, 17:10
IV чү Элдик Курултайдын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жарандар тарабынан жалпысынан 33 суроо жана кайрылуу түшүп, көтөрүлгөн маселелердин бир бөлүгү жеринде каралды. Калган суроолор министрликтин көзөмөлүнө алынып, тиешелүү тартипте ишке ашырылууда.
Жарандардын кайрылуулары жана сунуш-пикирлери министрлик үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Элдик Курултай алкагында уюштурулган министрликтин атайын бурчунда жарандар өз суроолорун түз берип, көйгөйлөрүн ачык айтууга мүмкүнчүлүк алышты. Министр Медер Машиев баштаган министрликтин жетекчилиги жана орун басарлары жарандарды жеке кабыл алып, алардын кайрылууларына кеңири түшүндүрмө беришти.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган Элдик Курултайга аймактардан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынан шайланган делегаттар катышты.
Курултайдын жүрүшүндө министрликтин компетенциясына тиешелүү бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, саркынды сууларды тазалоо жана тазалоо системаларын жаңыртуу, кен казуу иштерине берилген лицензиялар, таштанды полигондорунун ачылышы жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча суроолор жана кайрылуулар түштү.
Министрдин жеке көзөмөлүнө алынган бардык маселелер мыйзам чегинде каралып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ыкчам чечимдер кабыл алынып, жарандарга жооптор өз дарегине жеткирилет.