Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын куруу жана модернизациялоо боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы менен келишимге кол коюлду
08-июнь 2026, 12:17
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын куруу жана модернизациялоо боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы менен келишимге кол коюлду.
Келишимдин жалпы суммасы 80 миллион сомго жакын каражатты түзөт.
Келишимде Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттарын куруу каралган. Мындан тышкары, 16 мамлекеттик жаратылыш паркында жана коруктарында автоматташтырылган өткөрүү пункттарын орнотуу мерчемделген.
Долбоор өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, конокторду каттоо системаларынынэффективдүүлүгүн жогорулатуу, каржылык кирешелердин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, жарандар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Заманбап автоматташтырылган чечимдер конокторду каттоо процесстерин санариптештирүүгө, адам факторун азайтууга, экологиялык объектилерде көзөмөлдү жана коопсуздукту жакшыртууга жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу чараларын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.