Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык козомол министрлиги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Чүй өрөөнү



2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.  Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Ашимова, К.Талиева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, министр М.Тургунбаева баштаган коллегия мүчөлөрү жана борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы талкууланып, 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына артыкчылыктуу милдеттер белгиленди. Төмөндө бөлүмдүн ишинин негизги жыйынтыктары келтирилген.

 Тоо-кен тармагында -2010-жылдан 2023-жылга чейин (2023-жылдын 6 айын кошкондо) республикалык бюджеттин эсебине тоо-кен тармагынан жалпысынан 197,4 млрд. сом суммасында салыктар түшкөн.  2023-жылдын 6 айында 16,8 млрд. сом суммасында салыктар түшкөн. Анын ичинен 14,7 млрд. сомду алтын өндүрүүчү компаниялар төлөшкөн.

2023-жылдын 10-июлуна карата колдонуудагы лицензиялардын жалпы саны-2323 түзөт. Анын ичинен: алтын -342, металлдар – 97, рудалык эмес пайдалуу кендер – 834, көмүр – 400, мунай жана газ – 46, жер астындагы суулар – 604. 

Биоресустар тармагында бир топ жетишкендиктер бар, атап айтсак "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына 4 458 363 млн. бак-дарактардын-бадал түрлөрүнүн көчөттөрү 3 675,70 га жерге отургузулган.

Ал эми жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоодо (импорттоо, экспорттоо/реэкспорттоо) 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-июнуна чейин CITES 1973-жылдын 3-мартындагы талаптарын сактоо менен CITES Конвенциясынын негизинде 380 жаныбарга уруксат берилген, алардын ичинен тоо эчкисине - 340 баш, Марко Поло аркары -90 баш, карышкыр-8 баш, арстан-1, боз эчкемер-5, Лама-1, кызгылт радиоланын тамыры-18150 кг.  Мамлекеттик экологиялык экспертиза багытында 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 947 бирдик долбоордук, ченемдик-техникалык документтерге жана ченемдик укуктук актылардын  долбоорлоруна мамлекеттик экологиялык экспертиза уюштурулган жана өткөрүлгөн, анын ичинен: Оң  -801 бирдик;  Терс – 93 бирдик;  Иштеп чыгууга кайтарылды – 53 бирдик.  Суу жана жер  ресурстары багытында министрлик республикада  суу ресурстарын башкаруунун туруктуу системасын түзүү максатында негизги багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө: -Суу ресурстарын азаюудан жана булгануудан коргоо; - Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;- Суу ресурстарын башкаруу системасын реформалоо болуп саналат.  2023-жылдын 6 айында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдардан республикалык бюджетке 177,0 млн. сом (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы №222 токтому) түштү. Эксперттик, уруксат берүүчү, лицензиялык документтерди жүргүзүү  боюнча 2023-жылдын май айынан баштап "Бирдиктүү терезе" борбору ишке кирип, жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча мамлекеттик кызматтардын 39 түрү боюнча арыздар кабыл алына баштап, жарандардын арыздары ыкчам түрдɵ каралып берилүүдɵ.  Айлана чɵйрɵнү коргоодо мамлекет башчы С.Н.Жапаровдун  2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ №77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программанын пункттарын аткаруу максатында, эл аралык ченемдерге жана ЕАЭБге шайкеш келтирүү максатында “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыгып  иштер алынып барылууда. 2023-жылдын 1-июлунда  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгын аткаруу максатында, пластиксиз зонанын ачылышына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин, экоактивисттердин, ЖӨБОнун, экобаштыктарды өндүрүүчүлөрдүн, 300гө жакын адамдын  катышуусу менен “Ысык-Көлдү сактайлы” масштабдуу пропагандалык иш-чара өткөрүлдү.  Айлана-чɵйрɵнү иретке келтирүүдɵ, тазалыгын сактоо максатында «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында биринчи жарым жылдыкта бардыгы болуп – 3 ишембилик өткөрүлүп, 36 министрлик, ведомство катышты. Бардыгы болуп морфологиялык курамдын калдыктары 3 ишембиликке чогултулган: 2471,405 тн. Анын ичинен: пластик – 324,385 тн; айнек– 120 тн; макулатура -232,974 тн; башкалар (кайра иштетилбеген) -1695,5 тн. Экологиялык жана  техникалдык кɵзɵмɵлдɵɵдɵ - министрликтин инспекторлору тарабынан 2023-жылдын январь-июнь айларында 151 текшерүү жүргүзүлгөн, алардын ичинен 25 пландык, 96 пландан тышкаркы жана 30 контролдук текшерүү. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бузуулардын 698 пункту аныкталган, алардын ичинен 252 пункт четтетилген жана бузууларды четтетүү жөнүндө 65 көрсөтмө берилген. Ошондой эле отчеттук мезгилде 391 протокол жана укук бузуу жөнүндө жалпы суммасы 6 765 500 сом анын ичинен 4 709 000 сом (анын ичинде 2022-жылдагы өтмө айып пул) өндүрүлүп, 16 доо 6 704 325 суммасында салынган, анын ичинен 2 517 304 сом 2022-жылдагы өтмө доо арыздарды эске алуу менен өндүрүлгөн.  Санариптештирүү – бул багытта курчап турган чөйрөнү жана экологияны мониторингдөөнүн алкагында санариптештирүү жаатындагы техникалык тапшырмалардын долбоорлору иштелип чыкты:  - КР ӨКЖАда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу ТТ  долбоору;  -КР жаратылыш парктарынын аймагына кирүүнүн автоматташтырылган системасы ТТ долбоору; -"Уруксаттарды жана бланктарды берүү"процессин автоматташтыруу үчүн ТТ долбоору.  Ошондой эле, 2023-жылдын май айынан тарта Бирдиктүү терезе борбору иштей баштады. Башкы директор жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында лицензияларды жана уруксаттарды алуу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 39 түрүнө арыздарды кабыл алат.Процессти оптималдаштыруу өтүнмөлөрдүн түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан каралуу жана бекитүү процесстерин олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, министрликтин https://mnr.gov.kg/ru/ жаңы веб-сайты иштелип чыкты.