Жаратылыш ресурстары министрлиги жана ЮНИСЕФ биринчи Биргелешкен кызматташтык программасына кол коюшту

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги жана ЮНИСЕФ биринчи Биргелешкен кызматташтык программасына кол коюшту
2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Т. Токтобаевдин ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа мырза менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун негизги окуясы — ведомство менен эл аралык фонддун ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктаган биринчи Биргелешкен кызматташтык программасына кол коюу болду.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр А.Т. Токтобаев ЮНИСЕФке экологиялык маселелерди чечүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип,балдар жана жаштар катышкан ийгиликтүү долбоорлорду өзгөчө белгиледи. 


Өз кезегинде Самман Тапа мырза А.Т. Токтобаевди Министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди. ЮНИСЕФтин өкүлү өсүп келе жаткан муундун кызыкчылыктарын климат боюнча ОНУВ 3.0 сыяктуу стратегиялык документтерге киргизүү, ошондой эле RCOY сыяктуу ири жаштар платформаларын колдоо мамлекеттин келечек муун алдындагы жоопкерчилигинин жогорку көрсөткүчү экенин баса белгиледи.


Жолугушуунун соңунда тараптар учурдагы жумушчу маселелерди деталдуу талкуулап, туруктуу экологиялык өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган кол коюлган программанын бардык пункттарын ыкчам ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.