Жаратылыш ресурстары министрлиги жана MEGA санариптик кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги  жана MEGA санариптик кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту

Жаратылыш ресурстары министрлиги  жана MEGA санариптик кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Альфа Телеком” ЖАК (ТМ – MEGA) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул документ тараптардын мамлекеттик кызматтар жана экологиялык долбоорлор чөйрөсүндө санариптик сервистерди өнүктүрүү жана инновациялык чечимдерди ишке киргизүү ниеттерин бекемдеди.

Меморандумга Министрдин биринчи орун басары Б. Джусупбеков жана «MEGA»нын башкы директору Э. Субакожоев  кол коюшту.

Кызматташтык төмөнкү багыттарды камтыйт:

QR-коддорду түзүү тутумун интеграциялоо (анын ичинде бирдиктүү ELQR стандарты боюнча);

Министрликтин сервистерин «MEGA» жана анын туунду компаниясы «Кыргызмобайлкомпани» (ТМ – MegaPay), санариптик чечимдерине, ошондой эле Мамлекеттик электрондук кызматтар порталына киргизүү;

«MegaPay» төлөм тутумун «Бирдиктүү терезе» платформасына жана ведомстволук санариптик сервистерге интеграциялоо;

Путёвкалар, аткылоо карталары жана аңчылык күбөлүктөрү сыяктуу мамлекеттик кызматтарды MegaPay аркылуу QR-код менен төлөө мүмкүнчүлүгүн түзүү;

«Жашыл мурас» улуттук программасынын алкагында төлөмдөрдү санариптештирүү;

Төлөмдөр үчүн бирдиктүү биллинг борборун түзүү жана Министрликтин объектилери менен өткөрүү пункттарында төлөм системаларын өнүктүрүү.

Ошондой эле меморандумда инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, бизнес-пландарды иштеп чыгуу, бизнес-процесстерди реинжиниринг жана даяр чечимдерди техникалык тестирлөө боюнча биргелешкен иштер каралган.

"Мамлекеттик сервистерди санариптик трансформациялоону MEGA активдүү колдойт. Биздин министрлик менен кызматташуубуз кызматтарга акы төлөөнү жана аларга жетүүнү жарандар үчүн мүмкүн болушунча жеңил, ачык — айкын жана ыңгайлуу кылууга багытталган", - деп белгиледи "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Элнар Субакожоев.

Бул меморандум электрондук кызматтарды өнүктүрүүгө, мамлекеттик түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөдөгү экологиялык долбоорлорду илгерилетүүгө өбөлгө түзүүчү биргелешкен санариптик демилгелерди ишке ашыруунун негизин түзөт.