Жаратылыш ресурстары министрлиги ченемдик-укуктук ишмердүүлүк жана эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү иштин жыйынтыгын чыгарды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги ченемдик-укуктук ишмердүүлүк жана эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү иштин жыйынтыгын чыгарды

2025-жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 79 нормативдик укуктук акт иштелип чыкты. Алардын ичинен 50 акт кабыл алынып, 12 акт Президенттин Администрациясында, 15 акт башка министрликтер менен макулдашуу стадиясында турат, ал эми 1 акт кайра иштелүүдө.

Жыл ичинде Президенттин 1 жарлыгы, 7 мыйзам, Министрлер Кабинетинин 13 токтому жана 26 тескемеси кабыл алынды.

Министрлик 17ден ашык өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин координациялап, анын ичинде кыргыз-корей, кыргыз-кытай, кыргыз-орус, кыргыз-австрия, кыргыз-түрк, кыргыз-казак, кыргыз-беларусь жана башка комиссиялардын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү иштерин жүргүздү.

Экология жана жер казынасын пайдалануу тармагында 20дан ашык эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коюлду. Бул документтер Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Корея Республикасы, Япония, Түркия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Беларусь, Тажикстан жана башка мамлекеттер менен кызматташтыкты камтыйт.

2025-жылы бир катар маанилүү эл аралык документтерге кол коюлду, алардын ичинде:

*        Италиянын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана энергетикалык коопсуздук министрлиги менен туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

*        Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги менен таза энергетикалык технологияларда колдонулуучу пайдалуу кендер тармагында инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү боюнча меморандум;

*        Тажикстан, Беларусь жана Өзбекстан республикалары менен экология жана туруктуу өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар;

*        Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жашыл минералдар тармагындагы инвестициялык кызматташтык боюнча меморандум.

Ошондой эле KOICA уюму менен кызматташтыктын алкагында 10 миллион долларлык гранттын эсебинен “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча талкуу протоколуна кол коюлду.