Жаратылыш ресурстар министрлиги өлкө боюнча саркынды сууларды тазалоочу жайлардын абалын текшерүүдө.
01-декабрь 2025, 16:00
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстар министрлиги өлкө боюнча саркынды сууларды тазалоочу жайлардын абалын текшерүүдө.
Бул үчүн министрдин биринчи орун басары Б.Джусупбеков жетектеген Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.
Максаты - саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын учурдагы абалын, алардын эффективдүүлүгүн жана эмнени жакшыртуу керектигин түшүнүү.
2025-жылдын 27-28-ноябрында жумушчу топ Шопоков, Кара-Балта, Кант, Токмок жана Орловка шаарларындагы саркынды сууларды тазалоочу жайларда болушту.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер объектилердин техникалык абалын, жабдуулардын эскирүү деңгээлин, экологиялык талаптардын сакталуусун, ошондой эле модернизациялоо жана кубаттуулукту жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Муниципалдык ишканалар саркынды сууларды тазалоо технологиялары, оңдоо муктаждыктары жана күнүмдүк иштөөдө кездешкен көйгөйлөр боюнча маалымат беришти.
Экологиялык мониторинг департаменти тазалоого чейин жана тазалоодон кийин саркынды суулардан үлгүлөрдү алып, алардын тазалоо эффективдүүлүгүн аныктоодо.
Текшерүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк тазалоо курулмалары жабдууларды жаңылоону, тазалоо системаларын модернизациялоону жана сапаттык көзөмөлдү жакшыртууну талап кылаары белгилүү болду.
Министрлик мындан ары да тазалоо курулмаларынын абалын жакшыртууга жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган иштерди улантат.