Жаратылыш ресурстары министр экологиялык агартуу иштерин күчөтүүдө

Нарын өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министр  экологиялык агартуу иштерин күчөтүүдө

Экологиялык агартуу иштерин күчөтүүнүн алкагында Нарын регионалдык башкармалыгынын, К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун, Салкын -Төр мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан  С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агротехникалык жана экономикалык  колледжинин студенттерине Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин "Экология жана айлана-чөйрөнү коргоонун негиздери" темасы боюнча жана жалпы эле экологиялык көйгөйлөр жөнүндө дарс өткөрүлүп, суроо-жооптор жана талкууларду уюштурулду.

Ошондой эле,  Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим министрлигинин республикалык экология жерин таануу жана туризм боюнча балдар өспүрүмдөр кызматкерлери менен биргеликте Калмак-Ашуу орто мектебинин окуучулары менен экологиялык агартуу иштерин жүргүзүп кызыктуу фото капкандардан түшкөн фото видеолор көргөзүлдү.