Жаратылыш ресурстары министрлиги: Ысык-Көл облусунда 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоо курулмаларына туташтырылган эмес
12-июнь 2025, 15:36

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № ПЖ-131 «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан эс алуу объектилерине инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү.
Министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык мыйзам бузууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Тазалоо курулмалары жок болгон конок үйлөр, пансионаттар жана мейманканалар ишмердүүлүгүн улантууга уруксат албайт.
Ысык-Көл облусундагы жайгашуу объектилери боюнча жалпы маалымат:
• Жалпы объектилер — 1198, анын ичинде:
o Пансионаттар — 165
o Мейманканалар — 64
o Конок үйлөр — 932
o Боз үй шаарчалары — 37
• Тазалоо курулмалары:
o 180 объектке орнотулган, кошумча 5 борборлоштурулган система — жалпысынан 185 тазалоо системасы
o Аларга 196 объект туташтырылган
o 822 конок үйү септик колдонуп, тазалоо курулмаларына туташтырылган эмес
Сезонго даярдыктын пландары жана абалы:
• 602 пландуу тапшырма объект ээлерине берилген
• 285 арыз даярдык паспортун алуу үчүн тапшырылган
• 87 даярдык актысы берилген, анын ичинен:
o 74 — талаптарга жооп берет
o 13 — даяр эместиги аныкталган
• Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан 7 даярдык паспорту берилген
______________
Браконьерчиликке каршы күрөш уланууда
Ысык-Көлдө жаратылышты коргоо чараларынын алкагында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддер жүрүп жатат.
2025-жылдын башынан 11-июнга чейинки жыйынтыктар:
• 30 рейд жүргүзүлгөн
• Жалпы узундугу 12,1 км болгон 121 кытай тору алынган
• 27 доо арыз берилген, жалпы суммасы — 1 062 621 сом
• Сот аркылуу өндүрүлгөн сумма — 155 240 сом
• Административдик иштер боюнча:
o 15 протокол түзүлгөн
o 102 500 сом айып салынган
• Кармалган балыктар сатылып, бюджетке 25 045 сом түшкөн
Жаратылыш Министрлиги Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жана анын уникалдуу экосистемасын коргоо боюнча иштерин улантат.